Please use this identifier to cite or link to this item: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2874
Title: Иш баштоо боюнча колдонмо
Other Titles: Басылма маалыматты өздөштүрүү жөндөмү чектелгендер үчүн Марракеш келишимин ишке ашыруу. Китепканачылар үчүн колдонмо
Issue Date: 2019
Abstract: Марракеш келишими азиз, начар көргөн же басылма маалыматты кабыл алууда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын басылып чыккан чыгармаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн жеңилдетүүгө буга чейин болуп көрбөгөн өбөлгө түзөт. Бул максатты аткарууда китепканалар негизги ролду ойнойт, ошондуктан бул колдонмо бардык типтеги китепканалардын кызматкерлерине басылма маалыматты өздөштүрүүгө жөндөмү чектелген окурмандарга материалдарды жеткирүү боюнча керектүү иш-чараларды алып барууда көмөктөшүү үчүн иштелип чыккан. Канададагы азиздердин китепканасынан (CNIB) мурунку директору жана Китепканалар ассоциацияларынын эл аралык федерациясынын (IFLA) Автордук укук жана башка укуктук маселелер боюнча стратегиялык программасынын төрайымы катары, мен Марракеш келишими басылма чыгармаларды жеткиликтүү жайылтууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк бергенине жана азиз, начар көргөн окурмандар бенефициарлардын катарына киргизилгенине өзгөчө кубанычтамын. Бул колдонмодо көп берилүүчү суроолорго (FAQ) жооптор жана кошумча маалыматка шилтемелер түрүндө түзүлдү. Бул колдонмо Марракеш келишимине кошулган ар бир өлкөгө ылайыкташтырса болчудай биринчи када же үлгү катары жаралды. Бул колдонмо ар бир өлкөнүн мыйзамдарына ылайыкташтырылгандан кийин IFLA-нын вебсайтында жарыяланат деп үмүттөнөбүз. Бул колдонмо Бүткүл дүйнөлүк азиздер союзунун, Торонто университетинин, IFLA жана Канада илимий китепканалар ассоциациясынын (CARL) колдоосу менен, алардын каржылоосунун натыйжасында жарык көрдү. Мен демөөрчүлөргө, авторлорго жана колдонмону чыгарууга катышкандардын баарына өтө ыраазымын; биз баарыбыз биргелешип, дүйнө жүзүндөгү басылма маалыматты өздөштүрүү жөндөмү чектелген адамдар арасында китепке каатчылыкты1 жоюу үчүн иштеп жатабыз.
URI: https://dspace.auca.kg/handle/123456789/2874
Appears in Collections:Books

Files in This Item:
File Description SizeFormat 
Иш баштоо боюнча колдонмо.pdf1.16 MBAdobe PDFView/Open


Items in DSpace are protected by copyright, with all rights reserved, unless otherwise indicated.